Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
«Манас» аэропортуна барчу жолду реконструкциялоо башталат. Жолдун бир тарабы жабылат
22.06.2026 | 18:04

Эртең, 23-июндан, тарта Бишкек шаарында Фучик көчөсүнөн «Манас» эл аралык аэропортуна чейинки жол тилкесинде реконструкция иштери башталат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Биринчи этапта, 23-июндан 1-июлга чейин, аэропорттон Манас айылына чейинки (Фрунзе көчөсү, 1/1 дарегине чейин) 8 чакырымдык тилкеде унаа кыймылына чектөө киргизилет. Жол толугу менен жабылбайт: көчөнүн бир тарабы оңдолуп жаткан учурда, унаалар экинчи тарабы менен эки багытта жүрө алышат.
Бул ыкма транспорттук байланышты үзбөй, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында тандалып алынган. Чектөөлөр иштердин жүрүшүнө жараша этап-этабы менен киргизилип турат.
Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жана конокторду жолго чыгаарда бул өзгөртүүлөрдү эске алууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: жол оңдоо, Манас аэропорту