Бишкекте “Эже-сиңди, беш көкүл” фестивалы өттү – сүрөт

Бишкекте “Эже-сиңди, беш көкүл” фестивалы өттү – сүрөт

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Азербайжан “Достук” паркында “Эже-сиңди, беш көкүл” долбоорунун алкагында салттуу маданий этнографиялык фестивалы өткөрүлдү.  Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Аталган иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Кыргыз Түрк Манас университетинин ректору Алпаслан Жейлан, «Аталар изи» коомдук фондунун төрайымы Асел Калканова, Кыргызстандагы бир катар өлкөлөрдүн элчилери, чет элдик коноктор жана шаар тугундары катышышты.

Иш-чарада Сүйүнбек Касмамбетов менен министрдин орун басары Айнура Аскарова 1- июнь Балдарды коргоо күнү менен шаар тургундарын куттуктап, аталган фестивалдын өтүп жатышы абдан маанилүү экенин белгилешти.

Фестивалдын жүрүшүндө «Аталар изи» коомдук фондусунун мүчөлөрү улуттук кийимдердин көргөзмөсүн өткөрүп, кол өнөрчүлүк, кыздын чачын беш көкүл кылып өрмөй, жаа атмай, боз үй тигип чечмей ж.б. кыргыздын улуттук баалуулуктарын көргөзүшсө, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенттери күү чертип, жандуу үн менен оркестрдин коштоосунда көрүүчүлөргө ыр арнап, шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулашты.

Белгилей кетсек, фестивалдын негизги максаты кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, эл ичинде улуттук кийим кийүү маданиятын даңазалоо, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, жаш чеберлерди улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүртүрүүгө кызыктыруу болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>