«Мамтил» тууралуу мыйзам кабыл алынды. Россинын ТИМи үн катты

«Мамтил» тууралуу мыйзам кабыл алынды. Россинын ТИМи үн катты

Жогорку Кеңеште «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу Россиянын Тышки иштер министрлиги үн катты.

Россиянын ТИМинин өкүлү Мария Захарованын айтымында, аталган мыйзам долбоору 2021-жылы коомдук талкууга чыгарылганда, баштапкы редакцияга карата кыргыз коомчулугу, анын ичинде орус тилдүү жарандар тарабынан сын пикирлер айтылган.

«Андан кийин документ толукталып иштелип чыгып, мурда жок болгон жоболор, мисалы, бардык этносторго эне тилин сактоого жана өнүктүрүүгө кепилдиктер жөнүндө жобо кирген. Ошол эле учурда, мыйзам долбооруна мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн жарандардын укугун чектөөгө жол бербөө тууралуу норма кирген эмес.

Азыркы калыбында бул мыйзам кыргыз тилин билбеген жарандар үчүн белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн», — дейт Захарова.

Захарова билдиргендей, алар бир нече ирет кыргыз тарапка бул мыйзамдын кабыл алынышы титулдук эмес калктын, анын ичинде «мекендештердин» укуктук абалына ыңгайсыз жагдайды туудурушу мүмкүн экенин айткан.

«Өнөктөштөрүбүз мыйзам долбоору орус тилин жокко чыгаруу максатын көздөбөй турганын билдирген. Ага байланыштуу, Кыргызстандын жетекчилиги биздин союздаштык мамилелердин алкагында кыргыз тилин да өнүктүрүү, Кыргызстанда конституциялык макамы бар орус тилин да колдоого багытталган тең салмактуу тил саясатын жүргүзөт деп үмүт кылабыз», — деди ал.

Азырынча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын ТИМинин комментарийи боюнча билдирүү жасай элек.

Эскерте кетсек, 31-майда Жогорку Кеңеште «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзамдын долбоору кабыл алынган. Аталган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик кызматкерлер сөзсүз түрдө «Кыргыз тесттен» өтүшү керек болот. Алардын мамлекеттик тилди билгени боюнча беш деңгээлде бааланат — А1, А2, В1, B2, С1. Тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер токтомдун талабы менен жумуштан бошотулат.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил болуп саналат. Ал эми орус тилинин расмий деген макамы бар.

Кыргыз тилин билбеген мамлекеттик кызматкерлер иштен бошотулат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>