«Палестинага эркиндик». Митинг, спортчулар, саясатчылардын колдоосу

«Палестинага эркиндик». Митинг, спортчулар, саясатчылардын колдоосу

Бүгүн Бишкектин Горкий сейил багында Израилдин чабуулуна жана блокадасына кабылган Газа секторун колдоо митинги өттү. Ал жарандын активисттер тарабынан уюштурулду.

Акцияга диний аалымдар дагы катышты.

Кечээ дагы Палестинага эркиндик талабы менен акция өттү.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга карата Кыргызстандын көз-карашын билдирүү,  Газага гуманитардык жардам берүү маселесин көтөрүлгөн. Депутаттар бир күндүк маянасы Палестинага которуу токтомун кабыл алышкан.

Өлкөнүн белгилүү спортчулары, шоу-бизнес өкүлдөрү социалдык тармактагы баракчалары аркылуу Израилдин Газага чабуулун айыптап, Палестинага колдоосун билдиришүүдө.

Дүйнөнүн мыкты футболисттери — Карим Бензема, Месут Озил, Мухаммед Салах,  UFS мушкери Хабиб Нурмагомедов, Голливуд жылдыздары Кайли Женнер, Беллы жана Жижи Хадиддер дагы Палестинага чабуулду айыпташты.

Эскерте кетсек, 7-октябрда Палестина менен Израилдин ортосунда кайра кагылышуу күчөдү.  Израиль сектор Газаны курчоого алып, тыюу салынган химиялык куралды колдонгону кабарланды.

27-октябрга карата Газада 7 миң киши набыт болгону маалымдалды.

Израиль жетекчилиги жакын арада Газага аскерлерин киргизмекчи.

Буга чейин Түркия жана Израилдеги элчи Руслан Казакбаев 90дон ашуун кыргыз жараны элчилик менен байланышта экенин, анын ичинен 20дан ашыгы өлкөдөн  чыгып кетүүнү пландап жатканын айткан.

Жогорку Кеңеш Палестин элине жардам жөнөтмөкчү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>