Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Бишкекте Hyundai Sonata менен скутер кагылышып, скутердин айдоочусу ооруканага түштү
09.09.2024 | 13:18
Бишкекте Hyundai Sonata унаасы менен скутердин катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Жол кырсык 8-сентябрда болжол менен саат 21:35те болгон. Hyundai Sonata’нын 25 жаштагы айдоочусу (А.А.) Курманжан датка көчөсү менен түндүктү көздөй баратып, Суворов көчөсүнө жеткенде, артка бурулмакчы болгон. Унаа бурулуп жатканда, аны артынан келе жаткан скутер сүзгөн.
Натыйжада скутердин 18 жаштагы айдоочусунун (И.Ж.) мээси чайкалып, оң буту сынган. Ал Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.
Унаа менен скутер айып короосуна коюлуп, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин сактоого, ылдамдыкты ашырбай айдоого чакырат.
