Бишкекте имараттардын фасаддары жана жарнактар бирдей стилде болот

Бишкекте имараттардын фасаддары жана жарнактар бирдей стилде болот

Бишкек шаарында Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө параллелдүү имараттардын фасаддары жана белгилер трансформацияланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыккан жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан бекитилген маалыматтык, жарнак конструкцияларын жайгаштыруу эрежелерине жана имараттын фасадынын сырткы көрүнүшүн талаптарга ылайык келбеген жарнак конструкцияларын демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө, башкача айтканда алар бирдей стилде болушу керек.

Мындан тышкары, билим берүү мекемелери жана башка объектилер «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын алдын ала долбоору боюнча имараттардын фасаддарын сырдашты.

Бегилей кетсек, учурда Байтик Баатыр жана И.Ахунбаев көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>