24-июнь: Кыргызстанда +35°Cге чейин ысып, өткүн өтөт

Бүгүн, 24-июнда түнкүсүн Чүй, Талас жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү болжолдонууда, деп билдирет Кыргызгидромет.
Мекеменин маалыматына ылайык:
• Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23°C, күндүз +27…+32°C;
• Талас облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +25…+30°C;
• Ош облусунда түнкүсүн +17…+22°C, күндүз +30…+35°C;
• Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +17…+22°C, күндүз +30…+35°C;
• Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21°C, күндүз +29…+34°C;
• Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14°C, күндүз +23…+28°C;
• Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13°C, күндүз +19…+24°C.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, 14 метрге чейин күчөшү күтүлөт. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +21…+23°C, ал эми максималдуу температурасы күндүз +30…+32°C болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +12…+14°Cди, максималдуу температурасы күндүз +23…+25°Cди түзөт.