Бишкекте ири соода борборлор жана базарлар 31-августтан 2-сентябрга чейин жабылат

Бишкек шаарындагы ири соода борборлор жана базарлар 31-августтан 2-сентябрга чейин убактылуу иштебейт. Мындай чечим мэрияда өткөн Координациялык комиссиянын жыйынында Эгемендүүлүк күнүн, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана ШКУнун саммитин өткөрүү мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Бишкек мэриясынын маалыматында, төмөнкү соода жайлары жабылат:
- 31-августта жана 1-сентябрда: ГУМ «Чынар», ЦУМ «Айчүрөк», «Бишкек Парк», «Азия Молл», «Ала-Арча», «VEFA Центр», «Дом торговли», «Гоин», «Beta Stores 1», «Беш Сары Сити» соода борборлору жабылат.
- 31-августтан 2-сентябрга чейин: «Ош базары» жана «Сары-Өзөн» базарлары иштебейт.
- 31-августта жана 1-сентябрда: «Орто-Сай» базары жабылат.
Мындан тышкары шаардагы бир катар жер алдындагы жөө өтмөктөрдү жабуу тууралуу чечим кабыл алынган. Тактап айтканда, 29-август саат 15:00дөн баштап Ч. Айтматов – М. Горький, Чүй – Манас, Манас – Васильев тракты жана Чүй – Абдрахманов (Old Bishkek) кесилиштериндеги жер астындагы жөө өтмөктөр жабылат.
Мэр Айбек Жунушалиев бул чаралар жарандардын жана коноктордун коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл экенин билдирген.
Жыйында ошондой эле Бишкек ЖЭБи, газ жана жарык кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүү, шаардын 12 фан-зонасында коопсуздук чараларын күчөтүү маселелери каралган.