Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Орусияда кароосуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды
19.08.2026 | 09:44

Орусиядан Кыргызстанга ата-энесинин камкордугусуз калган үч бир тууган алынып келинип, атасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Буга чейин соцтармактарда Москва шаарында жашы жете элек бала кароосуз калганы тууралуу маалымат тараган. ИИМдин Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борбору бул маалыматты текшерип, үч бир тууган 2026-жылдын 3-июлунда Москвадагы реабилитациялык борборго жайгаштырылганын аныктаган. Балдардын энеси полиция тарабынан кармалып, Орусиядан чыгарылгандыгы белгилүү болгон.
Ички иштер министрлиги жашы жете электердин укуктарын коргоо жана коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер улантыла тургандыгын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом