Бишкекте ири суммадага акчасы бар сумканы уурдаган адам кармалды

Бишкекте ири суммадага акчасы бар сумканы уурдаган адам кармалды

Бишкек шаарында уурулук кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-мартта болжол менен саат 12:50дө “102” линиясына Тыныстанов-Сүйөркулов көчөлөрүнун кесилишинде 2 күн мурда акча уурдаган адамды көргөндүгү тууралуу чакыруу келип түшкөн.

Чакырууга барган милиция кызматкерлерине 1987-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран 15-мартта болжол менен саат 13:00дор чамасында Сүйөркулов-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде ичинде 48 миң сом салынган сумканы уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Шектүү катары 1983-жылы туулган К.В. аттуу жаран кармалып, андан ары териштирүү үчүн Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганы айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>