УКМК эл аралык издөөдө жүргөн милициянын капитанын кармады

УКМК эл аралык издөөдө жүргөн милициянын капитанын кармады

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын  айылдык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМК тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөргөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарында Баткен облусунун ИИБнын айылдык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы, милициянын капитаны А.М.К. кармалды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

А.М.К. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында бир жылдан ашык убакыт Бишкек шаарынын аймагында жашырынып жүргөн. Ага карата 2021-жылдын 23-декабрында Биринчи май шаардык соту камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын сырттан тандаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>