Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен баратКараколдо май куюучу жай мыйзам бузуулар менен курулганы аныкталып, айып пул салындыСанариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу кызмат мындан ары IMEI-коддорду текшерүү ишмердүүлүгүнө лицензия бербейтКыргызстандын Жарандык авиация агенттиги ИКАО текшерүүсүн эскертүүсүз өттүКыргызстандагы чет элдик элчиликтерди камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бир бөлүгүнөн бошотуу сунушталууда14-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу
Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги ИКАО текшерүүсүн эскертүүсүз өттү
14.10.2026 | 09:31

Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) миссиясынан ийгиликтүү өттү. Текшерүү 2026-жылдын 30-сентябрынан 7-октябрына чейин жүргүзүлүп, олуттуу эскертүүлөр аныкталган жок.
Миссия координацияланган валидация (ICVM) форматында өткөрүлдү. ИКАО эксперттери Кыргызстанда учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжалуулугун баалашты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында оң динамика, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугу жана ИКАО стандарттарынын сакталышы тастыкталганы белгиленди. Бул өлкөнүн авиация системасына болгон ишенимди жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: авиация