Бишкекте «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт
20-21-декабрь күндөрү «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, форумдун расмий ачылыш аземи 20-декабрда саат 12:00до Улуттук тарых музейинде өтөт.
“Анда Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин комиссиясынын чечими менен аныкталган Ысык-Көл облусу “Боз үй мекени”, Нарын облусу “Шырдактын мекени” наамдары тапшырылат. Наамдарды Азия-Тынч океан аймагы боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Азиз Муртазаев салтанаттуу түрдө тапшырмакчы”, – деп билдирет министрлик.
Ал эми бүгүн, 19-декабрда Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форумунун көргөзмөсү ачылган.
Форумдун иши, 21- декабарь күнү, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде илимий-практикалык конференция менен уланат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз