Жакында президент Садыр Жапаров үчүн жаңы учак сатып алынат

Жакында президент Садыр Жапаров үчүн жаңы учак сатып алынат

Президент Садыр Жапаров үчүн сатып алынары айтылган жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, сатып алына турган учак Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот.

«Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттер үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон. Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде президент Жапаровдун Катарга болгон бүгүнкү иш сапары дагы», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 18-декабрда президент Садыр Жапаров Катарга иш сапар менен барып, футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюнун көргөн. Президенттин Катарга менчик учак менен учуп барганы коомчулуктун сынына кабылган.

Bombardier Challenger
Embraer Legacy

Жапаровду Катардын эмири чемпионатка чакырган, — Султанбаев

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>