Бишкекте коомдук транспортто акысыз которулуп түшүүнү киргизүү көздөлүүдө — долбоор

03.06.2026 | 12:13
Шаардык транспорт

Бишкек мэриясы коомдук транспорттун тарифтик саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоорун даярдады. Документ коомдук талкууга чыгарылып, Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) кароосуна жөнөтүлдү.

Демилгенин негизги максаты — автобус жана электробустарда жол кирени накталай эмес төлөөгө толук өтүү, ошондой эле акысыз которулуп түшүү системасын киргизүү болуп саналат.

Документке ылайык, накталай эмес төлөмдө жол кире акысын 17 сом деңгээлинде калтыруу, ал эми жол кирени транспорттук карта менен төлөгөн жүргүнчүлөр үчүн биринчи төлөмдөн кийинки 60 мүнөттүн ичинде чектөөсүз санда акысыз которулуп түшүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү сунушталууда.

Накталай төлөмдүн учурдагы системасы бир катар көйгөйлөрдү жаратып жатканы белгиленет.

«Айдоочулар акча алып, кайтарым берүүгө алаксыйт, бул кыймылдын коопсуздугуна таасирин тийгизет. Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдүн түшүп-чыгуу убактысы жана унаалардын аялдамаларда кармалып туруусу көбөйөт. Накталай эмес эсептешүүгө өтүү жүргүнчүлөрдү тейлөөнү тездетип, жүргүнчүлөрдүн агымын эсепке алууну жакшыртууга жана каржы агымдарынын ачыктыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат долбоордо.

Ошол эле учурда учурдагы тарифтерди сактап калуу сунушталууда: чоң класстагы автобустарда жана электробустарда накталай эмес төлөөдө жол кире 17 сомду, ал эми кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобустарда (кичи автобустарда) төлөө ыкмасына карабастан 20 сомду түзөт.

Жарандардын жеңилдетилген категориялары — пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жети жашка чейинки балдар, майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттери жана кызматтык милдеттерин аткарып жаткан почтальондор үчүн акысыз жүрүү укугу сакталып калат.

Стандарттык жана жеңилдетилген транспорттук карталар экспресс жана жарым экспресс каттамдарда иштебейт. Мындан тышкары, мындай каттамдарда которулуп түшүү боюнча жеңилдиктер да колдонулбайт.

«Жаңы системаны киргизүү шаардык бюджеттен 307,2 миллион сомго жакын каражатты талап кылат. Бул каражат ташуучулардын түшпөй калган кирешелерин компенсациялоого жумшоо пландалууда», — деп айтылат муниципалитеттин документиде.

Эгерде БШКнын депутаттары борбор калаа муниципалитетинин демилгесин колдосо, жаңы эрежелер 2026-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кириши мүмкүн.

Scroll to Top