ДКО: көк бөрү жана көк парга кире албагандар билеттин акчасын кайтарууга 20-сентябрга чейин билдирме бериши керекЧыңгыз Ахматов Кыргызстандын башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалдыЖогорку Кеңештин 2025-жылдагы бюджети дээрлик 72 пайызга көбөйгөнЕАЭБде жыгачтан жасалган таңгактоочу материалдар үчүн фитосанитардык сертификат талабы алындыКыргызстандын мугалимдери түрк элдеринин тарыхы боюнча эң акыркы маалыматтарды алышты«Рубеж-2026»: башкы катчынын орун басары Тургунбеков аймактагы татаал кырдаал тууралуу билдирди
Ош базарынан алтын билериктерди уурдаган шектүү кармалды
03.06.2026 | 12:25

Бишкекте Ош базарындагы «Берекет Гранд» соода борборунан алтын жасалга уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 30-майда милицияга жаран арыз менен кайрылып, анда аталган соода борбордон белгисиз адам анын 48 миң сомдук эки алтын билеригин уурдап кеткенин билдирген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөөнүн натыйжасында 51 жаштагы А.Б. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы текшерилип, тергөө иштери улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар