Бишкекте коомдук транспорттордо рейд жүрүп жатат

Бишкекте коомдук транспорттордо рейд жүрүп жатат

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы боюнча рейддик иш-чара уюштурулганын мэриядан билдиришти.

Калаа башчысы  рейд учурунда  «материалдык-техникалык жабдыктарды даярдоо.  Кышкы дөңгөлөктөрдү, аккумуляторлорду, троллейбустардын, автобустардын жана кичи автобустардын салондорун жылуулоого өзгөчө көңүл бурулсун. Ошондой эле бардык акыркы токтоочу пункттарга материалдык ревизия жүргүзүлсүн»- деген талапты койгон.

Транспорт департаменти тарабынан рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында кичиавтобустук каттамдардын фирмаларынын айдоочуларына карата 14 мыйзам бузуу аныкталып, 7 акт, 3 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, биринчи кезекте кичиавтобустук каттамдары текшерилди.

Бул багыттагы иштер улантылууда. Рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, ташуучу-фирмалардын абийирсиз жетекчилерине жана айдоочуларга тартиптик чаралар көрүлөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>