Президент Жапаров Кемпир-Абад боюнча активисттер менен жолугушту

Президент Жапаров Кемпир-Абад боюнча активисттер менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда Кемпир-Абад маселеси боюнча Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын чек арага чектеш айылдарынын тургундары, өлкөнүн активдүү жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу президенттин администрациясынын имаратында өткөн.

«Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек ара маселелерине, ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берилди.  Мындан тышкары, чогулгандар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип жана аларга толук кандуу жоопторду алышты», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президенттин эл менен жолугушуусу жабык өткөрүлүп, сүрөт-видео тартууга уруксат берилген эмес. Айрым жарандар берилген суроолорго ынандыруучу жооп ала албаганын социалдык тармактарда билдиришүүдө.

10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген.

Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген. Бирок ал чечимге комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков менен анын орун басарлары кол койгон эмес. Бүгүн, 20-октябрда Айдарбеков комитеттин төрагалыгынан алынып, анын ордуна депутат Улан Примов шайланды.

Ташиев: Кемпир-Абаддын 4 миң 485 га жери Өзбекстанга берилет

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>