Бишкекте 7 облустан келген энелер жөө жүрүшкө чыгышты

Бишкекте 7 облустан келген энелер жөө жүрүшкө чыгышты

Энелер күнүнө арналган майрамдын урматына карата Бишкек шаарында өлкөнүн 7 облусунан келген энелердин жөө жүрүшү өттү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, катышуучулар «Россия» кинотеатрынан баштап  Горький сейил багына чейин басышты, сейил бакта концерттик программа, мастер класстар жана энелер жасаган улуттук буюмдардын жарманкеси уюштурулду.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров да куттуктоо сөз сүйлөп, чың ден соолук, бакубат жашоо каалады.

Бул иш-чара «Кыргызстан пенсионерлер партиясынын» демилгеси менен Биринчи май муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын, «Бишкекжарык» жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын колдоосунда уюштурулду.

Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда Энелер күнү белгиленип, ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мэрия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>