Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Бишкекте Кореянын «Театр алдыга умтулат» театралдык программасы тартууланат
13.08.2026 | 16:14

19-августта Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда «Театр алдыга умтулат» аттуу атайын театралдык программа өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги жарыялады.
Программа кыргызстандык көрүүчүлөрдү Корея Республикасынын заманбап театр искусствосу жана артисттеринин чыгармачылыгы менен тааныштырат. Программа саат 19:00дө башталат. Кирүү акысыз.
Иш-чара Сеул искусство жана маданият фондунун (SFAC) өкүлдөрүнүн Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында уюштурулууда. Анын максаты — Кыргызстан менен Түштүк Кореянын маданий байланыштарын чыңдоо, эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорго жол ачуу болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият