Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автомобиль ташуулар боюнча келишимге кол коюшту

13.08.2026 | 15:56
Кыргызстан менен Швейцария эл аралык автомобиль ташуулар боюнча келишимге кол коюшту — Новости Кыргызстана

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуулар жөнүндө Өкмөттөр аралык келишим кабыл алынды. Ага 12-августта КРдин транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев менен Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли менен жолугушуусунда кол коюлду.

Бул документ өлкөлөр ортосунда эл аралык автомобиль ташууларды жүргүзүүгө, ошондой эле тараптардын аймактары аркылуу транзиттик каттамдарды уюштурууга укуктук негиз түзөт.

Министр Талантбек Солтобаевдин айтымында, келишим соода-экономикалык байланыштарды, бизнести жана туризмди өнүктүрүүгө, ошондой эле жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Жаңы келишимдин алкагында транспорттук кызматташтыкты эки тарапка тең пайдалуу негизде кеңейтүү пландалууда.

Scroll to Top