Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Ат-Башыда тоодо калып калган нидерланддык турист куткарылды
13.08.2026 | 17:18

Бүгүн, 13-августта, Нарын облусунун Ат-Башы районунда Нидерланд Королдугунун жараны П. К. А. куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Турист өзүнүн Ат-Башыда мотоцикли бузулуп, тоодо төрт күн бою калып калганын социалдык тармактар аркылуу билдирген. Анын айтымында, ал керектүү шаймандары жок болгондуктан, техникасын оңдой албай, Нарын шаарына жетүү үчүн транспорт таба алган эмес. Ошондой эле визасынын мөөнөтү 18-августта аяктай турганын айтып, жардам сураган.
Бул кайрылуудан кийин Ат-Башы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн үч куткаруучу «Данков» чокусу тарапка барышкан. Алар чет элдик жаранды коопсуз жерге жеткирип, бузулган мотоциклин да тоодон түшүрүп беришкен.