Кыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөт

21-октябрда Кыргызстанда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу бирдиктүү эскерүү жүрүшү өтөт. Иш-чара Москваны коргоонун 85 жылдыгына жана кийин 8-гвардиялык Панфилов дивизиясы болуп кайра түзүлгөн 316-аткычтар дивизиясынын жоокерлеринин эрдигине арналат. Аталган дивизия Фрунзе жана Алма-Ата шаарларында түзүлгөн. Акцияны Ысык-Ата районунун Ардагерлер кеңеши жана «Наша Победа — Биздин Жеңиш» издөө кыймылы уюштурууда. Иш-чараны Коргоо министрлиги колдоого алды.
Негизги жүрүш саат 10:00дө Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы эстеликтин жанындагы аянтта башталат. Катышуучулар беш чакырым аралыкты жөө басып же чуркап өтүшү керек. Маарага жеткенден кийин аларга жоокерлердин боткосу жана чай берилет. Саат 16:00дө өлкө боюнча аскер бөлүктөрүндөгү кызматкерлер Кыргызстандын желектерин көтөрүп жүрүш өткөрүшөт. Башка шаарлардын жана айылдардын тургундары да өз алдынча чуркоо жана жөө жүрүштөрдү уюштуруп, электрондук диплом алуу үчүн сүрөт жана видеолорун уюштуруучуларга жөнөтө алышат.
Иш-чарага аскер кызматкерлери жана жарандар, ардагерлер, согушка катышкандардын урпактары, жаштар, мектеп окуучулары, спортчулар, эмгек жамааттары жана Москваны коргогондордун эрдигин унутпаган бардык каалоочулар чакырылат.
Уюштуруучулар 1941-жылдын октябрь айында Волоколамск багытында салгылашкан 316-дивизиянын 1073-аткычтар полкунун 9-ротасынын эрдигин да өзгөчө эскеришет. Алардын айтымында, дивизиянын командири, генерал-майор Иван Панфилов бул салгылашууну дивизиядагы массалык баатырдыктын алгачкы үлгүсү деп атаган.
«Биз үчүн бул — өз өмүрүн курмандыкка чалып, фашисттердин Москвага өтүшүнө бөгөт койгон бардык жердештерибизди, кыргызстандыктарды эскерүү акциясы», — деди Ысык-Ата районунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы Акылбек Дононбаев.