Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт

Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт

Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 1-4-июнь күндөрү өтүп, ага жалпысынан дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн 600дөн ашык спортчу катышат.

Күрөш он салмактык категорияда өтүп, жалпы 30 комплект медаль ойнотулат.

Грек-рим күрөшү: 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97, 130 кг;

Эркин күрөш: 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125;

Кыз-келиндер күрөшү: 50, 53, 55, 57,59, 62, 65, 68, 72, 76.

Турнирдин программасы:

1-июнь — Грек-рим күрөшү боюнча беттештер;

2-июнь — Грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер;

3-июнь — Кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча беттештер;

4-июнь — Эркин күрөш боюнча беттештер.

Белгилей кетсек, мелдеш «Бишкек-Арена» муз аянтчасында өтөт. Беттештер күн сайын саат 10:30да башталат. Финалдык беттештер 18:00до.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>