Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Бишкекте кыздын iPhone телефонун тартып алган жигит кармалды
21.10.2022 | 09:23
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 4-октябрда жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал саат 8:30дар чамасында Рыскулов жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз бирөө 35 миң сомдук iPhone XC үлгүсүндөгү телефонун алып кеткенин айткан. Тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
10 күндөн кийин тергөөчүлөр кылмышка шектүүнүн өздүгүн тактап, камакка алышкан. Ал борбор калаанын 19 жаштагы тургуну экендиги аныкталган. Бишкектин Ленин райондук соту аны СИЗО-1ге бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал