Таласта кийим тигүүчү ишкананын курулушу башталды

Таласта кийим тигүүчү ишкананын курулушу башталды

Талас шаарында «Кул Брос» тигүүчү ишкананын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы кийим тигүүчү фабриканы курууга тендер жарыялап, аны «Эко-кейджи» ЖЧКсы утуп алган. Аталган компания алгач имарат курулуучу аймакты иретке келтирип, тазалоо иштерин жүргүзгөн. Бүгүнкү күндө имараттын пайдубалы үчүн чуңкур казуу иштери жүрүүдө.

«Кошумчалай кетсек, «Кул Брос» компаниясы 2018-жылы Кыргызстандын эң мыкты экспорттоочу фабрикасы наамын алган. Күнүбүздө фабрикадагы өндүрүлгөн кийимдер бир катар мамлекеттерге, анын ичинде Россияга экспорттолуп келет», — деп айтылат маалыматта.

Компаниянын өлкө аймагында 3 фабрикасы бар. Талас шаарына курулу турган ишкана өлкөдөгү төртүнчү фабрика болмокчу. Бул долбоор ишке ашса жергиликтүү калк үчүн 1 миң жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>