Кылымдарды карыткан Кытай: Бишкекте өзгөчө эл аралык көргөзмө ачылды

КР Улуттук тарых музейинде «Гармония сулуулукту жаратат» аттуу эл аралык көргөзмө ачылды. Бул масштабдуу маданий долбоор КР Улуттук тарых музейинин, Тяньцзинь музейинин жана КЭРдин Ички Моңголия музейинин бай тарыхый коллекцияларын бириктирди.
Экспозиция келгендерди эң байыркы цивилизациялардын кол өнөрчүлүгүнүн, искусствосунун жана руханий салттарынын өнүгүшү менен тааныштырат. Бул жерде искусствонун, философиянын жана кол өнөрчүлүктүн өнүгүшүн чагылдырган сейрек кездешүүчү тарыхый эстеликтер коюлган.
Көргөзмөнү ачып жатып, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында өтүп жатканын белгиледи.

«ШКУнун негизинде жаткан базалык принциптердин жана баалуулуктардын жыйындысында „Шанхай руху“ жөнүндө айтылат. Ал өз ара ишеним, пайда, тең укуктуулук, биргелешкен консультациялардан тышкары, блоктор саясатын жана тирешүүнү четке кагып, ар кандай маданияттарга урматтоо менен мамиле кылууну, жалпы өнүгүүгө умтулууну да өзүнө камтыйт», — деди дипломат Reporter.kg сайтынын кабарчысына.
Ал эске салгандай, 2023-жылдын март айында КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин Глобалдык цивилизация демилгесинин (ГЦД) концепциясын сунуштаган. Ал Кытайдын расмий тышкы саясатынын бир бөлүгү жана «Шанхай рухунун» принциптеринин логикалык уландысы болуп саналат. ГЦДнын маанилүү принциптеринин бири — «өз ара үйрөнүү».

«Кыргыз цивилизациясы сыяктуу эле кытай цивилизациясы да абдан байыркы болгондуктан, бүгүнкү көргөзмөнүн максаты дал ушундай жана бири-бирибизден үйрөнө турган нерселерибиз көп», — деп белгиледи Лю Цзянпин.
Анын айтымында, көргөзмө кыргызстандыктарды Кытайдын көп кылымдык тарыхы жана маданияты менен тааныштырат жана мындай иш-чаралар биздин элдерибизге бири-биринин тарыхын, маданиятын жакындан билүүгө мүмкүнчүлүк берип, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы гуманитардык байланыштарды мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Дипломат белгилегендей, бул жерде Кытайдын жана Кыргызстандын үч музейинен 150дөн ашык экспонат коюлган. Алардын арасында — Ички Моңголия музейинен алынып келинген нефриттен жана колодон жасалган ритуалдык идиштер, булгаары ээр жана салттуу моңгол музыкалык аспабы, ошондой эле Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин фондунда сакталган Чүй өрөөнүнөн табылган алтын жана күмүш буюмдар бар.
«Бул уникалдуу экспонаттар убакыт жана мейкиндик аркылуу диалог куруп жаткандай сезилет. Алар ар кандай элдер өзүнүн өзгөчөлүгүн кантип сактап, ошол эле учурда бири-бири менен гармонияда жашай аларын, ал эми маданий ар түрдүүлүк — ар бир цивилизациянын сулуулугу жөнүндөгү түшүнүктөрдү кантип байытарын көрсөтүп турат. Цивилизациялар алмашуунун аркасында көп түрдүү болот жана өз ара үйрөнүүнүн аркасында байыйт», — деп баса белгиледи Лю Цзянпин.

Өз кезегинде Гапар Айтиев атындагы Сүрөт искусство музейинин директору Айгүл Мамбетказиева акыркы ондогон жылдар аралыгында Кыргызстанда мындай деңгээлдеги көргөзмөлөр өтпөгөнүн айтат.
«Мен Кытайдын байыркы маданиятынын ар кандай доорлорундагы керемет искусствонун мазмундук бөлүгү жөнүндө гана эмес, бул буюмдардын көркөм берилиши жөнүндө да айтып жатам. Анткени бул жерде көргөзмөнүн ар бир сантиметри майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулган. Ал кооз жана таанып-билүүчүлүк мааниге ээ», — деп бөлүштү Айгүл Мамбетказиева өз пикири менен.
Ал белгилегендей, көргөзмө мындай деңгээлде уюштурулганда, витринадагы буюмдардын мааниси жана байлыгы эселеп артып, адамда канааттануу жана зор гармония сезимин жаратат.

«Анткени көргөзмөнүн мааниси — бул маданий диалог, бул кыргыз жана кытай элдеринин ортосундагы байыркы тарыхый өз ара байланыш. Бул жерде жүрүп, бири-бирин баалоо жана угуу, суктануу жана сыйлоо канчалык маанилүү экенин түшүнөсүң. Анан дагы, менимче, бул көргөзмө ушул жерде коюлган буюмдар Асман алдындагы өлкөнүн (Кытайдын) байыркы тарыхын жана көркөм маданиятын көрсөтүп жатканы менен баалуу», — деди Мамбетказиева.
Ал кошумчалагандай, бул жерде кыргыз тарыхынын Кытайга байланышкан жана көп кылымдар бою уланып келе жаткан алтын жибинин бир бурчу бар.

«А бүгүнкү күндөгү биздин милдет, балким, ошол байланыштын үзүлбөшүн камсыз кылуу жана бири-бирибизди уга, көрө, суктана жана сыйлай билүү жөндөмүн өлкөлөрүбүздүн жаштарына өткөрүп берүү. Бул достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн сонун салттары ар кандай мамлекеттердин жана ар кандай көз караштагы адамдардын мамилелеринде ар дайым негизги багыт (лейтмотив) болушу үчүн керек», — деп баса белгиледи Мамбетказиева көргөзмөдөн чоң ырахат алганын айтып.
Ошондой эле ал көргөзмө бардык келгендерге жакшы маанай тартуулайт деген үмүтүн билдирди.
«Ал кооз, маалыматка бай. Музейдин негизги милдеттеринин бири — адамда эмоцияларды жаратуу, ал эми андай эмоциялар бул жерде бар», — деп жыйынтыктады ал.
Иш-чарадан Леонардо аттуу италиялык турист да суктанып, таң калганын жашырган жок.
«Музей жакында эле реставрацияланган экен, абдан сонун көрүнөт. Биз совет доорундагы залга жете элекпиз, бирок мага азыртан эле абдан жагып жатат. Руху боюнча ал италиялык музейлерди эске салат: заманбап, жарык, бул жерде адамдар абдан көп. Анан да бул жердеги жагымдуу салкындык — ушундай ысык күндө эң сонун экен. Бул менин Кыргызстандагы биринчи күнүм, мен аябай суктанып турам!» — деп бөлүштү Леонардо өз таасирлери менен.
Өз кезегинде бишкектик тургун Канышай мындай көргөзмөлөр тез-тезден өткөрүлүп турушу керек деп эсептейт.

«Мага бул жер абдан жакты, Тан династиясынан баштап бүгүнкү күнгө чейинки экспонаттар аябай таң калтырды. Көптөгөн тарыхый фактыларды биле аласың жана бул көргөзмө бардыгын ушул жерден, Бишкектен өз көзү менен көрүү үчүн, ошондой эле Кытайга барууну каалагандар үчүн өтө жакшы мүмкүнчүлүк экенине ишенем», — дейт Канышай.
Борбор калаанын тургундары жана коноктору байыркы кытай цивилизациясынын тарыхына үч ай бою сүңгүп кире алышат: көргөзмө 2026-жылдын 15-ноябрына чейин уланат.
Музейге кирүү билетинин баасы 110 сомдон 200 сомго чейин.

Эл аралык экспозиция келгендерге Бишкектен чыкпай туруп эле Кытайдын тарыхы жана маданияты менен таанышууга, ошондой эле музей экспонаттары аркылуу Кыргызстандын жана Кытайдын элдеринин ортосунда көп кылымдык маданий диалог кантип түзүлүп жатканын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Анара Мамытова