«Бул сыйлык меники эле эмес» — Зухра Шидакова Достук ордени жөнүндөАрабаев атындагы КМУда заманбап журналистиканын көйгөйлөрү боюнча конференция өттүКоомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 90 жашында дүйнөдөн кайттыБишкектин 9 жана 10-кичи райондорунда 10-ноябрда суу болбойтКыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча меморандумга кол коюштуАксыда жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча иш козголду
Кореядагы элчи алмашты: Мэлис Мамадалиев Аида Исмаилованын ордуна дайындалды
04.09.2026 | 10:46

Мэлис Мамадалиев Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу тиешелүү жарлыкка президент кол койду. Буга чейин аталган дипломатиялык кызматты ээлеп келген Аида Исмаилова ээлеген кызматынан бошотулду.
Жаңы дайындоого чейин дипломат КР Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментин жетектеп келген. Мэлис Мамадалиев 1977-жылдын 5-декабрында туулган, көп жылдык дипломатиялык кызмат тажрыйбасына ээ, кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Теги: Корея