Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Ленинград блокадасынын жылдыгында дайынсыз жоголгон 19 кыргызстандыктын тагдыры тууралуу маалымат берилет
04.09.2026 | 10:28

Бишкекте 8-сентябрда Ленинград блокадасынын башталганынын 85 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөрүн Бишкектеги Орус үйү билдирет. Иш-чара саат 11:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат.
Митингдин жүрүшүндө тарыхый эстутумду сактоого, Ата Мекенди коргоочулардын тагдырын тактоого жана алардын туугандарын издөөгө багытталган «Ысымды кайтаруу» жана «Акыркы чек» эл аралык долбоорлорунун, ошондой эле «Мен кайттым, апа» эл аралык акциясынын жыйынтыктары менен тааныштырышат.
Катышуучулар «Ленинграддыктардын эрдигине — кыргызстандыктардын айкөлдүгүнө» эстелигине гүл коюшат. Ошондой эле Ленинград блокадачыларына урмат көрсөтүлүп, тарыхый эстутумду сактоого кошкон салымы жана издөө иштери үчүн издөөчүлөр менен курсанттар сыйланат.
Аземге Чечен Республикасынан келген «Мен кайттым, апа» издөө кыймылынын өкүлдөрү катышат.
Буга чейин орусиялык издөөчүлөр жана Жеңиш музейинин кызматкерлери Кыргызстандын Ленинград блокадачылар коомуна дайынсыз жоголгон деп эсептелип келген, Кыргызстанда туулган 19 адам тууралуу архивдик документтерди өткөрүп беришкен.
Алынган материалдар аскер кызматкерлеринин тагдырын тактоо жана алардын туугандарын издөө үчүн колдонулууда.
Ленинград блокадасы 1941-жылдын 8-сентябрында башталып, 1944-жылдын 27-январына чейин созулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом