Бишкекте майып адамды каналга кулатып жиберген шектүү кармалды

Бишкекте майып адамды каналга кулатып жиберген шектүү кармалды

Бишкек шаарында майып адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-мартта Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына №4 ооруканада 1988-жылы туулган Д.М. аттуу жаран каза болгону боюнча маалымат түшкөн. Ал ооруканага 11-12 омурткасы сынган абалга түшкөн.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо чакыруу болгон жерге жөнөп кетишкен.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркум ушул жылдын 21-мартында Рыскулов жана Заводской поселок көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыянын каналынан майыптык арабада табылганын аныкташкан.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИБдин жана Ленин РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү — 1983-жылы туулган С.Ы., кармалып, тергөө кызматына алынып келинген. Ал  Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>