«Нелегал»: Кыргызстанда издөөдө жүргөн 19 адам кармалды

«Нелегал»: Кыргызстанда издөөдө жүргөн 19 адам кармалды

Кыргызстанда ушул жылдын 13-мартынан 17-мартына чейинки аралыкта «Нелегал» ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө издөөдө жүргөн 19 адам кармалган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ошондой эле экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча кылмыштын 7 фактысы, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү багыты боюнча кылмыштын 1 фактысы, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 1 факты аныкталып, 15 ок атуучу курал табылып алынган.

Белгилей кетсек, «Нелегал» ыкчам-алдын алуу иш-чарасы Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан өткөрүлгөн. Анын максаты мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>