56 окуучу республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болду

56 окуучу республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болду

25-мартта 10 предмет боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадасынын республикалык этабы жыйынтыкталып, 19 окуучу биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, жалпысынан олимпиаданын республикалык этабына 325 окуучу катышып, финалга 56 окуучу чыккан. Анын ичинен I орунду – 19, II орунду – 17, III орунду – 20 окуучу алды.

Олимпиаданын жабылуу аземине билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жана Мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясатынын башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

Токтобүбү Ашымбаева бүгүнкү олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаган мугалимдердин эмгегин баалоо өтө маанилүү экендигин айтып, жеңүүчү болгон мектеп бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын жогорку окуу жайларына өтүүдө артыкчылыктарга ээ болорун билдирди.

Ошондой эле ал жеңишке таптап, ишеним арткан, татыктуу жарандарын тарбиялап өстүргөн ата-энелерге жана мугалимдерге өзгөчө ыраазычылык билдирерин кошумчалады.

2022-2023-окуу жылындагы Республикалык мектеп окуучуларынын олимпиадасынын IV этабынын жеңүүчүлөрүнүн, байгелүү орундарынын ээлеринин жана мугалимдердин тизмеси.  

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: олимпиада

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>