Бишкекте “Манас” эпосунун күнү белгиленди

Бишкекте “Манас” эпосунун күнү белгиленди

Бишкек шаарында “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата “Жаш манасчы-2022” жана “Үйрөнчүк манасчы-2022” шаардык сынактары өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-декабрь Манас эпосун белгилөө күнүнө карата  Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү  Кыргыз улуттук «Манас» театрында “Жаш манасчы – 2022” жана “Үйрөнчүк манасчы– 2022” шаардык сынактары болуп өттү.

“Жаш манасчы” сынагына борбор шаардын муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы 5-11-класстардын окуучулары жана “Үйрөнчүк манасчы” сынагына Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү кызматкерлер жана мектеп мугалимдери катышты.

Шаардык сынактар “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана борбор шаардагы жаш балдар жана кызматкерлер арасында жайылтуу, эпос аркылуу жаштарды идеялык-тарбиялык жана тарыхый-маданий мүнөздөгү иш-чараларга тартуу максатында өткөрүлдү. Сынакта катышуучулардын “Манас” эпосунан үзүндүнү көркөм аткаруу чеберчилигине баа берилди.

Эскерте кетсек, борбор шаардагы жаш манасчылардын таймаштары бир нече жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы жылы өткөрүлгөн манасчылар таймашынын өзгөчөлүгү – “Манас” эпосунан  үзүндүлөр 3 тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде айтылгандыгында.

Манасчылар таймашынын жыйынтыгы боюнча бардык катышуучуларга жана жаш манасчыларды даярдаган мугалимдерге Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн сыйлыктары тапшырылды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>