Кара-Сууда тургун аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

Кара-Сууда тургун аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда аймактар аралак кастыкты козуткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери социалдык тармактарга байкоо жүргүзүү учурунда Facebook’та бир жаран өзүнүн жеке баракчасына аймактар аралык кастыкты, араздашууну козутууга багытталган билдирүүлөрдү чыгаргандыгы тууралуу маалымат алынган.

Бул маалымат каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Дайындалган экспертиза Г.А. аттуу жаран Facebook’тагы баракчасына жасаган билдирүүсүндө аймактар аралык кастыкты козуткан белгилер бар экенин көрсөткөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу)  ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы Г.А. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>