Кыргызстанда 2025-жылы соода жүгүртүү 2,2 триллион сомдон ашты

2025-жылы Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын жалпы жүгүртүүсү 2,2 триллион сомдон ашкан. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 17,9% көп жана 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 1,9 эсе жогору. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин жыйнагында айтылат.
Соода жүгүртүүнүн эң чоң үлүшү дүң соодага туура келген. Анын көлөмү 50,4%ды же 1,13 триллион сомду түзүп, 17,6%га өскөн. Автомобилдерди, мотоциклдерди жана күйүүчү майды сатууну эсепке албаганда, чекене сооданын көлөмү 36,1%ды же 808,4 миллиард сомду түзгөн. Бул бир жылда 13,8%га көп.
Автомобилдерди жана алардын тетиктерин сатуу эң тез өсүп, 85,8 миллиард сомго жеткен. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 43,9%га көп. Күйүүчү майдын чекене соода жүгүртүүсү 24,8%га өсүп, 206 миллиард сомду түзгөн. Ал эми автомобилдерди оңдоо кызматтарынын көлөмү 10,8 миллиард сомго жеткен.