Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Бишкекте мектеп окуучусун футбол дарбазасы басып калды
08.09.2019 | 14:54
Бишкектин Ак-Ордо конушундагы №96 мектептин окуучусун футбол дарбазасы басып калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, сабак учурунда жабыркаган бала 5-класстын окуучусу болгон. Ал окуядан кийин эс-учун жоготуп, №3 шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда ал оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө дарыланып жатат. Дарыгерлер анын абалын орто оор деп баалашууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар