Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кыргызстанда 2026-жылы 65 айыл чарба кооперативи түзүлдү — аймактар боюнча маалымат
18.08.2026 | 10:45

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери жалпы аянты 683 гектарды түзгөн 65 кооператив түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүнө киргизилди. Бул тууралуу КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Эң көп кооператив Талас облусунда түзүлдү — 18. Ош облусунда 17, Чүй облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 8, Нарын облусунда — 6, Баткен облусунда — 4 жана Жалал-Абад облусунда — 2 кооператив пайда болду.
Бул багыттагы иштер Кыргызстанда айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүнүн 2023–2027-жылдарга каралган программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Программанын негизги максаты — майда айыл чарба өндүрүшчүлөрүн ыктыярдуу түрдө кооперативдерге бириктирүү жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Теги: Кыргызстан, минсельхоз