Кыргызстандыктарды жолдордун жабылышына байланыштуу сабырдуулукка чакырышты

17.08.2026 | 15:40
Кыргызстандыктарды жолдордун жабылышына байланыштуу сабырдуулукка чакырышты — Новости Кыргызстана

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өлкөдө өтө турган ири эл аралык иш-чаралардын — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алдында кыргызстандыктарга кайрылды.

Ал бул иш-чараларга байланыштуу айрым жолдор убактылуу жабылып, транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилерин эске салды. Анын айтымында, бул тууралуу коомчулукка алдын ала маалымат берилген.

Орунбеков чектөөлөр жарандарга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн экенин моюнга алып, кыргызстандыктарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

«Албетте, бул айрымдарыбызга ыңгайсыздык жаратышы мүмкүн. Бирок келгиле, ушул күндөрү бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылып, сабырдуулугубуз жана маданиятыбыз менен үлгү бололу. Келген коноктор кыргызстандыктардын кең пейилин, намысын, маданиятын жана адамгерчилигин көрүп кетсин», — деп жазды ал.

Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси ошондой эле жарандарды тартипти сактоого, бири-бирине жардам берүүгө жана кол кабыш кылууга чакырды.

«Анткени бул бир эле мамлекеттик иш эмес. Бул - ар бирибизге тиешелүү жоопкерчилик. Бул - Кыргызстаныбыздын жүзү», — деп белгиледи Орунбеков.

Анын айтымында, кыргыз элинин биримдиги, ынтымагы жана бири-бирине жардам берүүсү кыйын кезеңдерде далай ирет далилденген. Эми ал бул сапаттарды алдыдагы эл аралык иш-чаралар учурунда да көрсөтүү керек деп эсептейт.

«Эми ошол ынтымагыбызды жакшы күндөрдө да көрсөтөлү. Биримдигибизди иш менен далилдеп, Кыргызстанды татыктуу көрсөтөлү», — деп жазды Орунбеков.

Ал ошондой эле кыргызстандыктарды чет элдик коноктор өлкөдө жүргөн учурда биримдиктин жана маданияттын үлгүсү болууга чакырды.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКӨ) Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.

Reporter.kg — ДКӨнүн маалыматтык өнөктөшү.

Scroll to Top