Кыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүн

Кыргызстандын Министрлер кабинети жарандардын президенттик шайлоого жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан убактысын пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына кошууну караган токтомдун долбоорун иштеп чыкты.
Документ 2026-жылдын 28-июлунда кабыл алынган №136 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамды аткаруу максатында даярдалды. Аталган мыйзам менен бул норма Эмгек кодексинде жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамда буга чейин бекитилген. Эми токтомдун долбоору Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №411 токтомуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Долбоорго ылайык, шайлоого катышкан убакытты камсыздандыруу стажына кошуу үчүн жарандардын шайлоого катышкандыгы тууралуу маалымат керек болот. Социалдык фонд бул маалыматтарды «Түндүк» санариптик өз ара аракеттенүү системасы аркылуу шайлоо жана референдумдарды өткөрүүгө ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасынан алат.
Эгер маалыматты «Түндүк» аркылуу алуу мүмкүн болбосо, Социалдык фонд тиешелүү маалыматты түздөн-түз шайлоо органынан сурайт.
Долбоордун негиздемесинде өзгөртүүлөр жарандардын шайлоого катышкан мезгилин камсыздандыруу стажын эсептөөдө эске алуу боюнча мыйзамдагы кепилдиктерди ишке ашырууга багытталганы айтылат. Ошондой эле Социалдык фондго керектүү маалыматтарды жарандардын өздөрү документ тапшырууга милдеттүү болбостон, «Түндүк» аркылуу алууга шарт түзүлөт.
Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кириши керек.