«Учкун» кичи районунда ар түнү газга окшош жыт сезилүүдө — тургундар

17.08.2026 | 11:58
«Учкун» кичи районунда ар түнү газга окшош жыт сезилүүдө — тургундар — Новости Кыргызстана

Бишкектеги «Учкун» кичи районунун тургундары дээрлик ар түнү газга окшош жагымсыз жыт чыгып жатканына даттанышууда. Бул тууралуу алар Reporter.kg сайтына билдиришкен.

Алардын айтымында, жыт көбүнчө түнкүсүн пайда болот. Тактап айтканда, 14-августтан 15-августка караган түнү саат 02:00 чамасында сезиле баштаган.

«Ар түнү газга окшогон жыт турат. Кайсы бир ишканадан зыяндуу заттарды абага массалык түрдө коё берип жаткандай сезилет. Терезелерди ачуу мүмкүн эмес», — дешет тургундар.

Ошол эле учурда жыттын булагы азырынча аныктала элек.

Буга чейин, 14-август күнү кечинде Бишкектин түштүк жана чыгыш бөлүгүндөгү бир нече кичи райондордун тургундары колко тийген жагымсыз жытка даттанышкан. Шаардыктардын айтымында, ал газдын жытына окшош болгон.

Анда «Газпром Кыргызстан» компаниясы газ агып чыгып жатышы мүмкүн деген маалыматты төгүндөгөн. Борбор калаанын чыгыш жана түштүк-чыгыш бөлүктөрүнөн байланыш борборуна жана авариялык кызматка билдирүүлөр түшкөн.

Жыт боюнча биринчилерден болуп 10-кичи райондун тургундары даттанышкан, андан кийин Анкара көчөсүнөн жана «Восток-5» кичи районунан да ушундай эле билдирүүлөр келген.

Компаниянын маалыматы боюнча, атайын шаймандар газдын сыртка чыгышын каттаган эмес. Кошумча коопсуздук чарасы катары бир нече авариялык бригада жерине барып, үч саат бою аймакты текшерип чыгышкан. Анда да газ агып чыккан жер табылган эмес.

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын алдын ала маалыматы боюнча, жагымсыз жыт канализациядан чыккан болушу мүмкүн.

Теги: Бишкек, газ
Scroll to Top