Бишкекте мектепке такыр барбаган бала жардамга муктаж — сүрөт

Бишкекте мектепке такыр барбаган бала жардамга муктаж — сүрөт

Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган 9 жаштагы бала бир да жолу мектепке барган эмес. Бул тууралуу “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, бала мектепке баруу үчүн документтери жок.

«Бул боюнча мага Түп айылдык кеңешинин депутаты Анаркүл Орозбекова билдирди. Баланы апасы 3 айлык кезинде агасына таштап кеткен. Бала абдан акылдуу, мектепке баргысы келет. Анын документтери жок», — деп жазган Турдубекова.

Анын пикиринде, өлкөдө билим менен камсыз болбогон балдар көп. Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча адистештирилген социалдык кызматкерлер жок болгондуктан, окуудан чыгып калган балдарды аныктоо системасы жакшы иштебейт. Аларды ишке ашыруу үчүн Балдар кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу зарыл деп эсептейт ал.

«Таекеси ага жакшы мамиле кылат, бирок ден соолугуна байланыштуу буюмдарды, окуу куралдарын, парта менен камсыз кыла албайт», — дейт фонддун жетекчиси.

Назгүл Турдубекова Бишкек мэриясынан баланы мектепке жайгаштырып, гуманитардык жардам көрсөтүүнү суранды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Бишкек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>