Кыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштү
Бишкекте милиция автобуста кыз кишиге ыдык көрсөткөн жаранды издөөдө
03.02.2025 | 12:19
Бишкекте милиция автобуста кыз кишиге ыдык көрсөткөн жаранды издөөдө. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, аталган факт алардын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, видеодогу адамдын өздүгүн аныктап, табуу боюнча иштер жүрүүдө.
Укук коргоо органдары аталган жаранды көргөн-билгендер болсо, аларга кабар берүүсүн суранат.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Бишкектеги автобустун ичинде бир эркек кыз кишинин жамбашын кармалап жатканы тартылган видео чыккан. Автобус аялдамага токтогондо кыз, анын артынан жанагы эркек түшүп кеткен.
Бул тасма соцтармактарда кызуу талкуу жаратып, видеодогу адамды таап, жазалоо талабы жаңырган.