Улуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирдиЕреванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайт
Бишкекте милиция өз жанын кыяйын деген адамды аман алып калды
12.03.2024 | 16:55
Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери өз жанын кыюуга аракет кылган адамды аман алып калды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 8-мартта болжол менен саат 18:17де Ботаникалык бакчада болгон. 27 жаштагы шаар тургуну зымдан сыйыртмак жасап, өз жанын кыяйын деген. Жигит бакка чыгып турганда, аны кайгуул кызматкерлери көрүп калып, дароо сүйлөшүүгө киришкен. Жыйынтыгында милиция кызматкерлери жигитти өз өмүрүнө кол салууга барбоого көңдүрүп, жерге түшүрүшкөн.
Андан кийин ал окуянын чоо-жайын тактоо үчүн милицияга жеткирилген.