Видео: Бишкекте милиция уурдалган унааларды издеп, текшерүү уюштурду

Видео: Бишкекте милиция уурдалган унааларды издеп, текшерүү уюштурду

Бишкекти милиция кызматкерлери «Автоунааны издөө» аталашында профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24- 25-мартта шаардык милициянын 400дөн ашык кызматкери транспорт каражаттарын уурдоого катышкан адамдарды аныктоо жана кармоо, мамлекеттик каттоо номерлерин алмаштыруу, транспорт каражаттарынын идентификациялык номерлерин (vincodе) алмаштыруу, мурда уурдалган унааларды тетиктерге бөлүү боюнча жайларды аныктоо боюнча профилактикалык иш-чараларга тартылган. Ошондой эле, кырсык болгон жерден качып, анын ичинде адам өлүмү менен коштолгон жол унаа кырсыктарында из жашырган айдоочуларды издөө иштери жүргүзүлдү.

«Милиция кызматкерлери шаардын аймагында көчмө постторду уюштуруп, башка мамлекеттин мамлекеттик номери менен жүргөн унааларды текшеришти. Мындан тышкары, профилактикалык иш-чаралардын алкагында борбор калаада жайгашкан техникалык тейлөө станциялары, «Геология» унаа тетиктерин сатуучу жайлар жана «Кудайберген» базары текшерилди», — деп айтылат маалыматта.

Милиция айдоочууларды унааларына сак болууну жана кимдир бирөө кылмыштын күбөсү же курмандыгы болсо, жакынкы милиция бөлүмүнө же 102 номерине кайрылуусун суранат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>