«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирди

Режиссёр жана сценарист Наргиза Дотиеванын «Эрезе» көркөм тасмасы Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өтүүчү 50-эл аралык кинофестивалдын (Mostra Internacional de Cinema em São Paulo) программасына тандалды. Тасма «Кыргызсериал» бирикмеси тарабынан тартылган. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Фестиваль 2026-жылдын 15–29-октябрь күндөрү өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө дүйнөнүн 93 өлкөсүнөн 380 тасма көрсөтүлөт. Аталган фестиваль көз карандысыз кинону көрсөтүүгө жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Министрлик «Эрезе» тасмасынын фестивалга катышуусу кыргыз киносун чет элдик көрүүчүлөргө таанытууга мүмкүнчүлүк берерин билдирип, тасманын режиссёру Наргиза Дотиева баштаган чыгармачыл топту бул жетишкендиги менен куттуктады.