Кыргызстандын аэропорттору Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу менен жасалгаланды

Кыргызстандын бардык аба майдандарында 2026-жылкы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы символу болгон илбирстин фигуралары орнотулду. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришти.
Инсталляциялар Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган Оюндардын алдында жайгаштырылды.

«Бул жүргүнчүлөр жана коноктор үчүн жөн гана кооз фотозоналар же аэропорттордун жасалгасы эмес — бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоонун, кыргыз элинин маданиятына жана каада-салтына болгон сый-урматтын белгиси. Ошондой эле бул ар бир конокко: сиз көчмөндөрдүн күчтүү, эркин жана меймандос өлкөсүнө келдиңиз деген эскертүү», — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, оюндар 31-августтан 6-сентябрга чейин уланат. Анын ачылыш аземи Бишкек шаарында, ал эми спорттук мелдештер Ысык-Көлдө өткөрүлөт. Оюндарга 100дөн ашык өлкөдөн спортчулар жана коноктор келери күтүлүүдө.
Иш-чаранын маданий бөлүгүнүн байге фондуна 4 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт. Оюндардын алкагында улуттук спорттун жана ат оюндарынын негизги түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.
Reporter.kg — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маалыматтык өнөктөшү.