Бишкекте орун алган 7-класстын окуучусу кандай жагдайда каза болгону айтылды

Бишкекте орун алган 7-класстын окуучусу кандай жагдайда каза болгону айтылды

Бишкектеги №31 мектептин директору 7-класстын окуучусу кандай жагдайда каза болгонун айтып берди.

Анын айтымында, мектептеги 41-кабинетте 7 «Б»класс окуйт. Танапис маалында окуучу бала менен кыздын ортосунда уруш чыгып кеткен. 

«Ал окуядан соң мугалим сабакка кирип,орус тили жана адабиятынан сабак өтө баштаган. Мугалим Улуттук университеттин 3-курсунун студенти. Мугалим сабакты баштап, Айтматов жөнүндө тема болорун, чыгарманы кайра карап чыккыла деген тапшырма берген. Андан кийин мугалим интерактивдүү панелди күйгүзөйүн деп, бирок ноутбук жок экенин эстеген. Бул убакта бир окуучу ажатканага барып келүүнү суранган. Ал киргенде андан кийинки класстан ноутбук алып келүүсүн суранган. Мугалим ага кайсы класска кирүү керектигин көрсөтүү үчүн коридорго баш баккан.

Камерадан караганыбызда мугалим 12 секунд алаксыган. Ошол 12 секунданын ичинде кыз менен баланын ортосунда каргашалуу окуя болот. Бала кызды сүзүп, доска тарапты көздөй чуркап жөнөгөн. Кыз анын артынан чуркап барып тээп жибергенде, ал кыздын көкүрөк тушуна сокку урган. Мугалим артка бурулса, кыз доскада туруп жыгылып калат. Сокку төштүн кемирчегине тийген экен.

Алтынчы сабак 17:15те башталып, каргашалуу окуя 17:32де болгон»,-деген ал.

Жогорудагы окуядан соң мугалим жана тарбия иштери боюнча завуч убактылуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, билим берүү башкармалыгы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бардык чечимдер тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>