Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолундагы «Көк-Арт» төлөм алуу түйүнү ишке кирди
Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 318-чакырымында жайгашкан «Көк-Арт» төлөм алуу түйүнү ишке кирди. Жол акысын QR-код, банк картасы жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу гана төлөөгө болот.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, «Көк-Арт» тоннели Кыргызстандагы эң узун унаа тоннели болуп саналат. Анын узундугу 3 чакырым 890 метрди түзөт.
Министрлик билдиргендей, жол акысынан түшкөн каражаттар тоннелди жана жолду күтүү, оңдоо иштерине, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жумшалат. Анын ичинде жарыктандыруу, желдетүү, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу, авариялык байланыш жана башка инженердик системаларды үзгүлтүксүз иштетүүгө багытталат.
Жол акысынын өлчөмү төмөнкүдөй:
- жеңил унаалар үчүн — 100 сом (чет өлкөлүк жана транзиттик унаалар үчүн — 200 сом);
- кичи автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар үчүн — 250 сом (чет өлкөлүк жана транзиттик унаалар үчүн — 1000 сом);
- массасы 3,5 тоннадан 12 тоннага чейинки автобустар жана жүк ташуучу унаалар үчүн — 500 сом (чет өлкөлүк жана транзиттик унаалар үчүн — 1500 сом);
- массасы 12 тоннадан жогору жүк ташуучу унаалар үчүн — 700 сом (чет өлкөлүк жана транзиттик унаалар үчүн — 3000 сом);
- автопоезддер, чиркегичтүү жана ири жүк ташуучу унаалар үчүн — 1000 сом (чет өлкөлүк жана транзиттик унаалар үчүн — 5000 сом).
Төлөм алуу түйүнүндө сегиз кыймыл тилкеси уюштурулган. Министрликтин маалыматына караганда, бул жол тилкесинин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, тыгындардын алдын алууга жардам берет.