Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
КР Министрлер кабинети Аи-95 бензининин баасын мамлекеттик жөнгө салууну жокко чыгарды
08.07.2026 | 10:09

Кыргызстандын Министрлер кабинети Аи-95 маркасындагы бензинди социалдык маанидеги товарлардын улуттук тизмесинен чыгарды. Күйүүчү майдын бул түрүнүн баасына карата катуу көзөмөлдү жокко чыгарган тиешелүү токтомго Кабмин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Кабыл алынган документке ылайык, мамлекет мындан ары май куюучу жайлар үчүн Аи-95 бензинине чекене баанын жогорку чегин белгилебейт. Май айынын аягында республикада киргизилген убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу механизминин алкагында эми КММнын (күйүүчү-майлоочу май) эң көп колдонулган түрлөрү — Аи-92 бензини жана дизель отуну гана калды.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Теги: ГСМ