Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Казакстандан келген 36 тонна ун Кыргызстанга киргизилген жок
08.07.2026 | 17:33

Кыргыз-казак чек арасында Казакстандан алынып келинген 36 тонна азык-түлүк уну Кыргызстанга киргизилген жок. Жүк милдеттүү фитосанитардык сертификаты жок болгондуктан жөнөтүүчүгө кайтарылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, эреже бузуу 8-июлда Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Ак-Тилек» өткөрүү пунктунун жанындагы жыйынды постто текшерүү учурунда аныкталган.
Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, продукциянын бул партиясы жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги карантиндик жүктөргө кирет. Евразия экономикалык биримдигинин эрежелеринде каралган фитосанитардык сертификаттын жоктугунан улам ун жөнөтүүчүгө кайтарылды.
Теги: минсельхоз